Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.10.2018 09:31 На русском

Ысык-Көлдө дарыгерлер инсульттун алдын алган азык-түлүктөрдү көрсөтүп беришти (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда невролог Лейна Иманбекова инсульттун алдын алуу үчүн кантип тамактануу керектигин айтып берди.

Анын айтымында, калктын бул оору тууралуу маалыматы аз болгондуктан инсультка көп чалдыгышат.

«Биздин жарандар өздөрүнүн ден соолугу тууралуу көп кабатырланышпайт. Өзүнүн салмагын, кан басымын, кант диабетинин жана холестериндин ченемин көзөмөлдөшпөйт. Мындан тышкары, биз туура эмес тамактанабыз. Инсультка стресс болгон учурлар да себеп болот. Спирт ичимдик, тамеки колдонобуз, нормалдуу тамактануу жокко эссе. Ушундай факторлордун баары инсультка себеп болот», - дейт ал.

Ысык-Көл облустук оорукананын дарыгерлери инсульттун алдын алуу үчүн бейтаптар бышырылган картошка, күрүч, ашкабак, деңиз азыктарын колдонуп, майлуу тамактардан баш тартышы керектигин жана көпчүлүк учурда жер-жемиштерди жана түрдүү чөптөрдөн жасалган чайларды колдонуу керектигин билдиришти.

Инсульт менен күрөшүү күнүнө карата дарыгерлер мындай азык-түлүктөрдү көрсөтүп, бейтаптарга сунуш кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×