Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 30.10.2018 08:20

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Н.Коңурбаева 80 балага бийден сабак берет (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын 29 жаштагы тургуну Наргиза Коңурбаева 80 балага бийден сабак берет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бий боюнча атайын жогорку билим алган.

«Кичинекей кезимден бери эле бийге кызыгып, үйдө, тойлордо бийлеп жүрдүм. 5 жыл «Жаш-Тилек» ансамблинде билим алып, сертификатка ээ болдум. Консерваториядан 2007-жылдан тарта балетмейстер боюнча билим алдым. 3-курстан тартып өзүм 11 жыл окуган мектебимде хореограф болуп иштеп баштадым.

Консерваториядан 2007-жылы диплом алдым. Азыр Чолпон-Ата шаарындагы К.Орозов атындагы музыкалык мектепте жана Биринчи мугалим мектебинде хореограф болуп иштеп келем. Эмгек тажрыйбам 9 жыл. Мындан сырткары «Даткайым» аттуу ансамблдин жетекчиси болом. Учурда жалпы 80 балага хореографиядан сабак берип жатам. Бизге кичинесинен келип үйрөнүшөт. Себеби жакшы бийлегенге денеси жумшак болуп, оңой үйрөнө алышат. Бош убактымда балдарым менен алек болом, үй жумуштарын жасайм. Келечекте мыкты, таланттуу бийчилерди чыгарсам дейм», - деди ал.

Бийчи мугалим 1 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×