Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 29.10.2018 15:35

Чолпон-Атада маркум Т.Жумакадыровдун элесине арналган спорттук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Турнирди өткөрүүнү демилгелеген Темир Жумакадыровдун классташтары жана досторунун айтымында, Т.Жумакадыров кыргыз элинин чыныгы патриот уулу болчу.

«Ал аз өмүрүндө чыгаан мамлекеттик ишмер катары таанылды. Адамгерчилик сапаттарды бийик туткан, жөнөкөй, коомго пайдасы тийген гана адам катары көпчүлүктүн эсинде калды. Коомдук тартип, мекен үчүн кызмат кылуу Темир Жумакадыров үчүн негизки максаттардын бири болчу. Андыктан анын эл үчүн жасап кеткен иштери унутулбай, келечек муун үчүн үлгү болушу керек», - деп эскеришти алар.

Т.Жумакадыровду эскерүүгө арналган спорттук иш-чара футбол талаасында өттү. Алгач талаага ардагерлердин командалары чыгып, таймаш курч болду. Жалпы сегиз команда катышып, биринчиликке Кара-Ой айылынын командасы татыды. Экинчи орунга Бостери айылы, ал эми үчүнчү орунга Балыкчы шаарынан келген команда ээ болду. Жаштар арасындагы мелдеште биринчиликке Чолпон-Ата шаарынын спортчулары чыгышты.

Т.Жумакадыровдун жаркын элесине арналган мелдешке анын ата-энеси, жубайы да чакырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×