Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.10.2018 14:49

Тоңдо Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү А.Акунов музей ачты (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында музей ачылды. Бул тууралуу Салбурун федерациясынын башчысы, музейдин негиздөөчүсү Алмазбек Акунов билдирди.

Анын айтымында, музей кыргыз элинин маданий мурасын даңазалоо максатында ачылган.

«Музей ачууну көптөн бери ойлонуп жүргөм. Ал үчүн атайын тарыхый буюмдарды, экспонаттарды, китептерди чогултуп келгем. Аларды Ак-Өлгөң, Оттук, Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарындагы бүркүтчүлөрдүн неберлеринен, мурунку Ленин колхозунун музейинен, Казакстандан, Таластан жана чет өлкөлөрдөн чогулткам.

Мындан сырткары, кушчулук, жаа атуу өнөрлөрү боюнча 15 мамлекетке барып келдим. Ал жактан да алып келген бул өнөрлөргө тиешелүү китептерди койдум.

Дагы бир музейде экспонаттардын арасында бренд болуп саналган Саякбай атабыз колдонгон томого бар. Музей — бул философия, тарых жана улуттук баалуулуктун өлбөс, өчпөс изи», - деди ал.

Буга чейин бүркүт таптап, тайган агытып, жылкы багуу менен алектенген Алмазбек Акунов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Салбурун федерациясын кантип түптөгөнүн айтып берген.

Анын айтымында, ал улуттук оюндарды сактап калуу максатында аталган федерацияны түптөгөн.

«Адамзаттын эң биринчи маданияты аңчылык болуп эсептелет. Тарыхты карап көрсөк, байыркы адамдар эң биринчи жааны ойлоп табышкан (бул таш дооруна туш келет). Итти колго үйрөтүп, кийинчерээк алгыр куштарды аңчылыкка пайдалана башташкан. Буларды комплекстүү түрдө аң уулоого пайдаланууну салбурун деп аташкан. Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде итти, кушту, жааны өз-өзүнчө бөлүп федерация кылып алышкан.

Ал эми куш салып, тайган агытып, ат үстүндө жаа атуу — ата-бабаларыбыздан калган мурас. Аны сактап калуу жана даңазалоо максатында 2006-жылы Салбурун федерациясын негиздедим», - деп билдирген ал.

А.Акунов буга чейин 10 жыл машыктыруучу болуп иштеген.

«Дене тарбия институтун бүтүрүп, күрөш боюнча машыктыруучу болдум. Сабакта ит, куштардын сүрөтүн тартып отурчумун. Себеби оюмдун бардыгы куш таптоодо эле. Бирок машыктыруучу болуп 10 жылдай иштедим. Ошентсе да өзүм дайыма улуттук спортту кантип көтөрөм деп ойлонуп жүрдүм. Себеби ар бир улуттун өзүнүн улуттук оюндары бар. Биз өзүбүздүн оюндарды унутуп, башка элдикин даңазалап жүрүптүрбүз. Бул идеяны ишке ашырууга толук кириштим. Өзүм бүркүт таптап, тайгандарды кармап, жылкы багып, жаа атам. Булар бири-бирин толуктап турат. Туурга конгон бүркүт, короодо жүргөн тайган, мамыда байланган ат, керегеде илинип турган жаа кыргыздын байыркы жашоосун чагылдырат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×