Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.10.2018 13:25 Жаңыланды: 26.10.2018 17:50

Жаш манасчы Ү.Дөөлөтов Брюсселде «Манас» айтып, көпчүлүктү таң калтырды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын тургуну, белгилүү жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов Бельгиянын Брюссель шаарында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги тарабынан 23-октябрда уюштурулуп, ага Европа өлкөлөрүнөн чакырылган элчилер, эл аралык уюмдардан 200гө жакын адам катышты.

Кыргызстандан жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов апасы жана Чолпон-Ата шаарындагы «Ысык-Көл» музейинин директору Гүлүм Алымкожоева менен барган. Анда музейдин жетекчиси тематикалык көргөзмөгө катышса, жаш манасчы «Манас» эпосунан үзүндү айтып берип, көпчүлүктү таң калтырды.

Үмөт Дөөлөтовдун айтымында, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада ал 2 жолу «Манас» эпосунан үзүндү айтып берген. Катышуучулар абдан жакшы кабыл алып, аны кубатташкан.

Үмөт Дөөлөтов үч жарым жашынан тарта «Манас» айта баштаган. Нарында төрөлгөн, учурда Ысык-Көлдө жашайт. Ал 2015-жылдын июнь айында «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×