Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.10.2018 11:25

Ысык-Көлдө 25 жаштагы жигиттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Ысык-Көл районунда 25 жаштагы жигиттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кара-Дөбө айылынын 25 жаштагы тургуну С. уулу Элдостун Тамчы айылында сабалышы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду.

«16-октябрда РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү боюнча токтом кабыл алынган. Өзүнүн биринчи арызында жабырлануучу С. уулу Элдос сабоо анын диний ишениме байланыштуу болгонун көрсөткөн эмес», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ысык-Көл районунун Тамчы айылында 25 жаштагы жигитти айылдаштары катуу музыка үчүн сабашканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×