Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.10.2018 11:18

Жети-Өгүздө сууга агып кеткен 79 жаштагы карыяны издөө иштери токтотулду

Turmush -  Жети-Өгүз районунда сууга агып кеткен 79 жаштагы кишини издөө иштери токтотулду. 1939-жылы туулган Ч.С. Казы-Уя жайлоосуна мал айдап бара жатканда Кара-Суу суусуна агып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 3-июлдан тарта 20-июлга чейин издөө иштери жүргүзүлүп, туугандарынын кайрылууларынын негизинде убактылуу токтотулган.

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу, Каракол шаардык №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жалпы 10 куткаруучу тартылып, 19-октябрдан бери издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок оң жыйынтык чыккан жок. Кечээ, 23-октябрда саат 18:00дө издөө иш-чаралары токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×