Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.10.2018 10:54 На русском

Жети-өгүздүк 79 жаштагы карыя жайлоого мал айдап кеткен бойдон дайынсыз

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Казы-Уя жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Барскоон айылынын 79 жаштагы тургуну С.Чунгушовду издөө иштери кайрадан башталды. ӨКМ билдиргендей, ал 2018-жылдын 2-июлунда жайлоого мал айдап бара жатканда Кара-Суу суусуна агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Аны издөө иш-чараларын куткаруучулар 3-июлдан 20-июлга чейин жүргүзүп, туугандарынын кайрылуусунун негизинде убактылуу токтотулган. Кайрадан издөө иш-чараларын улантуу үчүн 19-октябрда Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу жана Каракол шаардык №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу жөнөп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×