Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 19.10.2018 11:08 На русском

Талант Сарбагышев Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланды (өмүр баяны)

Turmush -  Сарбагышев Талант Кыдыргазиевич Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында белгилүү болду.

Шайлоодо анын талапкерлиги үчүн 20 депутаттын ичинен 12 эл өкүлү добуш берди. Бир депутат шайлоого катышкан жок.

Т.Сарбагышев 1976-жылы туулган, Бишкек шаарындагы милиция мектебинде билим алган. 1997-жылдан 2018-жылга чейин ИИМдин системасында иштеген. Акыркы жолу ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгында улук ыкчам кызматкери катары иштеп келген. 2017-жылдын январь айында Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Милициянын запастагы полковниги болуп саналат.

Апасы Тилек Маткеримова Ысык-Көл районунун аялдар кеңешинин төрайымы болуп. Ал шаардагы «Ден соолук» балдардын саламаттыгын чыңдоочу комплекстин жетекчиси экендиги маалымдалган.

Мындан тышкары Тилек Маткеримова «Ысык-Көл айымдары» элдик фольклордук тобун жетектеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×