Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 18.10.2018 14:08

Балыкчыда «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө канча каражат жумшалды? (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде 84 даана видеокөзөмөл камералары жана жол эрежесин бузууну каттоочу 2 даана видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Балыкчы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, камералар Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка алынган.

«Мамлекеттик сатып алуу эрежелеринин талаптарына ылайык тендер жүргүзүлүп, жыйынтыгында «Гранд ПРО» ЖЧКсы жеңип, шаар ичинде 84 видеокөзөмөл камераларын 8 млн 979 миң сомго коюшкан. Ал эми жол эрежесин бузуу фактыларын каттоочу 2 камера «Net System» ЖЧК мекемеси тарабынан 9 млн 439 миң сомго орнотулду. Жалпы 18 млн 418 миң 810 сом каражат жумшалды.

Айта кетсек, шаардын батыш тарабындагы айлампада 5 видеокөзөмөл камерасы, автобекетте 2, Ж.Абдрахманов—Тоголок Молдо көчөлөрүндө 2, Ж.Абдрахманов—К.Калдыбаев көчөлөрүндө 2, Ж.Абдрахманов—К.Токтосунов көчөлөрүндө 2, Ж.Абдрахманов—С.Каралаев көчөлөрүндө 2, мэрияда 1, Тоголок Молдо—К.Тыныстанов, К.Калдыбаев—К.Тыныстанов, Ж.Аманбаев—Сары булак, Ж.Аманбаев—Тоголок Молдо, Ж.Аманбаев—Ананьев көчөлөрүндө, №4 мектептин алдында, «Ала-Тоо» базарында, буга кошумча стратегиялык объект катары «Суу түтүкчөлөр» ишканасынын суу чордондоруна (скважина) 20 видеокөзөмөл камералары коюлду.

«Толкун» эс алуу пляжында 3, «Сейил» пляжында 3 видеокөзөмөл орнотулду. Учурда жол эрежесин бузууну каттоочу видеокөзөмөл камералар Бишкектеги борбордук базага кошула элек. Бир унаа жол эрежелерин бузууну каттоочу камерасы менен шаар ичинде кыдырып турмакчы. Патрулдук унааны ИИМ бергени жатат.

Азыркы күндө тесттик режимде бардык видеокамералар иштеп жатат. Видеокөзөмөл камераларынын борбордук башкаруусу Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө коюлуп, 1 офицер, 6 кызматкер иштегени жатышат. Жети ички иштер кызматкерлери атайын компьютердик билим алып келишет.

Бир күндүк мониторинг жүргүзүлүп, 100 пайыз унаанын 26 пайызы жол эрелерин бузгандыгы аныкталды. Жол эрежесин бузууну каттоочу видеокамералардан түшкөн айып пулдун 50 пайызы шаардык бюджетке, 40 пайызы республикалык бюджетте жана 10 пайызы Ички иштер министрлигине бөлүнмөкчү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×