Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.11.2018 21:46

«Жеңеке»: Изат жеңе жаңы келин болгондо алма бактын башына чыгып, кайнатасынан тил уккан (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылынын 36 жаштагы тургуну Изат Мамбетакунова. Ал келиндик доордогу кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Изат Мамбетакунова Балыкчы социалдык-экономикалык институтун аяктап, эсепчи кесибине ээ болгон. Ал 4 жылдан бери Кумбел айыл өкмөтүндө мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис болуп эмгектенет. Жолдошу Талант Ибраев Жети-Өгүз районунун Корумду айылынын тургуну, учурда 45 жашта. Ал айдоочу болуп иштейт.

«Турмушка 23 жашымда чыккам. Жолдошумдун классташынын аялы биздин кошунабыз болчу. Талант мени алгачкы жолу автобустан көрүптүр. Ал бир көрүп эле жактырып калганын айтып калат.

6-класста окуп жатканда Жети-Өгүздөн Корумдуга таянемдин колуна келдим. Ал мага башынан эле келинге тиешелүү сапаттарды үйрөттү. Жашоодо көп кыйналган жокмун. Жолдошум абдан боорукер, токтоо, көтөрүмдүү жана чыдамкай. Жаңы турмушка чыкканда 10 күндөй такыр көнө албай, үйгө кетким келип жүрдүм. Бирок жолдошум жакшы мамилеси менен өзүнө тартып алды. Азыркыга чейин бир дагы катуу сөз айткан жок», - деди ал.

Изат жеңе жаңы келин болгондо күлкүлүү окуяга кабылган.

«Жолдошум экөөбүздүн никебизди кыйып жатканда кайын агамдын жанына отуруп алгам. Себеби кайнагам менен күйөөм бир күндө үйлөнүп, никебиз да бир күндө кыйылган. Кайнагам жоош болгондуктан үйлөнбөй жүрө берген экен. Экөө абдан окшош болгондуктан никебиз кыйылып жатканда кайнагамдын жанына отуруп алганымды байкабай калгам. Ал жердегилердин баары күлүп, жеңем экөөбүз орун алмашканбыз.

Жолдошум алма, алча кыйыштырганды жакшы билет. Биз үйлөнгөн жылы жазында алма кыйыштырып жаткан болчу. Мен үйдөгү жумуштарды жасап коюп, ага жардам берүүгө бардым. Үйрөнөйүн деп бактын башына чыгып, бутактарды кесип жаткам. Кайнатам келип "азыр учуп өлөт, бул эмнеси" деп кыйкырган эле. Келин болгонумду унутуп, бактын башына чыгып кетиптирмин. Абдан уялып, жаман болуп жүрдүм.

Бош убакта китеп окуп, балдарды окутам, таттуу азыктарды бышырганды жакшы көрөм. Келечекте айылды өнүктүрүп, эл үчүн иштөөнү максат кылам. Эл жакшы жашаса, келечектеги балдардын да жашоосу жакшы болот», - деди ал.

Жеңеке 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×