Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 16.10.2018 16:16

Полковник Т.Сарбагышевдин талапкерлиги Чолпон-Атанын мэрлигине көрсөтүлдү

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматына Сарбагышев Талант Кыдыргазиевичтин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Т.Сарбагышев бул кызматка жалгыз талапкер болуп саналат. Документтерди кабыл алуу жыйынтыкталды. Шайлоо 19-октябрда өтөт.

Т.Сарбагышев 1976-жылы туулган. 2017-жылдын январь айынан бери Чопон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Милициянын отставкадагы полковниги.

Чолпон-Ата шаардык кеңешинде 21 депутат бар. «Табылга» партиясында 7 мандат, «Республика — Ата Журтта» 6 мандат, КСДПда 3, «Улуу Кыргызстан» партиясында 3, «Кыргызстан» партиясында 2 мандат бар.

Буга чейин Карыбек (Акылбек) Аланбаевич Саралаев Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматынан бошотулганы, тешелүү буйрукка премьер-министр М.Абылгазиев кол койгону маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×