Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.10.2018 23:37 Жаңыланды: 17.11.2018 10:44

«Жеңеке»: Депутат М.Усупбаева мотоцикл менен айылдарды кыдырып, мал дарылайт (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 48 жаштагы тургуну Максат Усупбаева. Ал акыркы 15 жылдан бери жеке ветеринардык дарыгер болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы элеттик мал доктур менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мотоцикл менен айылдарды кыдырып, малдын эпизоотиялык абалын көзөмөлдөйт.

«Мага өзүмдүн кесибим жагат. Айылдарды кыдырып, малдын ылаңын алдын алуу менен алектенем. 2 кыз, 2 уулум бар. Улуу балам менин жолумду жолдоп, агрардык окуу жайда жогорку билим алып жатат. Менин жардамчым — жолдошум Сабыр. Айтор, биздин үй-бүлөнүн иши малга байланыштуу. Кыргыз эли мал жандуу эмеспи, негизги тамагы да эт. Андыктан, эттен түрдүү оорулар жукпашы үчүн малдын дени сак болушу керек. Ошондуктан биздин кесип эл үчүн өтө маанилүү деп эсептейм», - дейт ал.

Максат Усупбаева жогорку билимдүү, эки дипломдун ээси. Агрардык окуу жайын эки жолу аяктаган. Алгач зоотехник кесибине ээ болсо, кийин ветеринардык дарыгер кесиби боюнча билим алган. Ал өлкөдөгү чоң айылдардын бири болгон Барскоондон тышкары Ак-Терек, Жаргылчак, Тамга, Тосор сыяктуу 5 айылды тейлейт. Ылаңдардын алдын алуу боюнча Барскоондо иштесе, чакырык боюнча коңшу айылдарга чейин барып, дарылоодон баштап, хирургиялык операцияларга чейин жасайт.

«Коңшу айылдагылар чакырса, мотоцикл менен жетип барам. Телефон чалышат. Күнүнө 7-8 саат жолдо жүргөн күндөр болот. Башка убакта үйдөгү жумуштарды жасоого үлгүрүү керек. Уйду операция жолу менен туудуруп, аларга башка операция да жасайм, буту сынган малды дарылайм», - дейт М.Усупбаева.

Ал мал доктурлук кесибинен тышкары Барскоон айылдык кеңешинин депутаты болуп да эмгектенет. Дайыма айылдарды кыдырып жүргөндүктөн, көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×