Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 15.10.2018 10:34 На русском

Айыл турмушу: 22 жаштагы тамада Гүлбарчын индиялык жигит менен кыргыз кыздын тоюндагы кызыктарды айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Шаар айылынын 22 жаштагы тургуну Гүлбарчын Бакытбек кызы жолдошу экөө той башкарып, кызмат кылышат. Тамада айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлбарчын учурда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин сырттан окуу бөлүмүнүн 6-курсунун студенти. Мындан тышкары Тоң райондук Т.Океев атындагы маданият үйүндө эмгектенет.

«Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлүп өскөм. Тоң районунун Кара-Шаар айылынын тургуну Азамат Октябровго турмушка чыктым. Ал да Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Экөөбүздүн тең кесибибиз алып баруучу, уюштуруучу болгондуктан чогуу жаш таланттардын башын бириктирип, көптөгөн айылдарда, райондордо концерт коюп, ошол эле команда менен той башкарып жүрөбүз.

Өзүм мектепте окуп жүргөн кезде эле маданий иш-чараларга активдүү катышып, бий тобубуз менен айылдарга концерт койчубуз. Ошондой эле сабактарды да жалаң "5" деген баага окудум. Көптөгөн грамота, дипломдордун ээси болуп, университеттеги иш-чараларга катышып такшалдым. Мындан тышкары жазма акындардын сынагында 2-даражадагы дипломдорго болгом», - деди ал.

Тамада жубайлар тойлорго 5 айлык кызын кошо алып барып, кызмат көрсөтүшөт.

«Алгач концерттерде алып баруучу болуп жүрүп тамадалыкка кызыгуу жаралды. Тамадалык кызматты аркалаганыбызга 4 жыл болуп калды. Кызыбыз дагы көнүп калды. Кош бойлуулуктун 37-жумасына чейин концерт, тойлордо кызмат кылдым. Биз кызмат кылып жатканда маданият үйүндө иштеген кесиптеш ырчы-эжелер кызымды карап турушат, кээде тааныш сиңдилерди жардамга чакырабыз. Жолдошум экөөбүз тең сүйлөйбүз, ырдайбыз, бийлейбиз, айтор чыгармачылык менен алекпиз. Балалуу болгонго чейин мектеп, студияларда бийден сабак берип келгем. Жолдошум Көчмөндөр оюндарында Тоң районунун иш-чараларын алып барды», - деди ал.

Тойлордо кызыктар көп боло турганын айткан Гүлбарчын: «Кызыбыз Арууке музыка катуу болуп жатса уктап жаткан болот. Башка кичинекей балдар музыкадан чочуп ойгонсо, Арууке музыка менен уктап, музыка менен ойгонот.

Тамадалык милдетти аткарып, элдин жакшылыгында жүргөн кандай жакшы. Кечээ эле Динара аттуу кыргыз кызын индиялык жигитке турмушка узаттык. Алар Бишкектен таанышып, индиялык жигит туугандары менен келип, кыздын колун сурап алып кетиптир. Андан кийин Индияга барып, расмий никеге катталышыптыр. Бул жакта кыздын туугандарын чогултуп чакан той беришти, тактап айтканда кыз узатуу болду. Индус мырза кыргыздын салты менен элге жүгүнгөнү баарыбызга кызык болду. Келген коноктордун бири — 55-60 жаштардагы эженин индус тилинде ырдап-бийлегени күйөө балага жакты.

Бош убакта китеп окуп, эргүү келсе калем кармап ыр жазып коём. Сахнага кийген кийимдеримдин 90 пайызын өзүм тиккем. Тоң районунда көптөгөн маданий иш-чара, сынак, фестивалдарды өткөрүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×