Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.10.2018 10:14 На русском

Сары-Тологой айылынын эли сууну Түп сайынан ташып ичүүгө аргасыз болууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Тологой айылынын тургундары сууну Түп сайынан ташып ичүүгө аргасыз. Себеби калктуу конуштардагы суу түтүктөрүнөн суу чыкпай калган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин айылга долбоор боюнча суу түтүк системасы киргизилип, суу көйгөйү чечилген болчу. Бирок бат эле суу түтүктөрү бузулуп калган. Айылда учурда колонкалар иштебей, чуңкурчалар ачык бойдон турат, ага таштандылар толуп калган. Кээде мал-жандыктар да түшүп кеткен учурлар болот.

«Үйлөргө суу киргизилген эмес, көчөдөгү колонкаларда дагы суу жок. Үйгө кир жуучу машина, жуунучу жай жана даараткана орнотолу дегендер бар. Азыр аба ырайы жылуу болгондуктан сууну Каркыра суусунан ташып келебиз. Ал эми суук түшкөндө кыйын болуп калат. Мешке карды коюп, ал ээригенде сууну чарба иштерине керектейбиз. Ал сууну ичүүгө болбойт. Сөзсүз кайнатыш керек. Аймактарды өнүктүрүү жылында биздин айылдагы бул көйгөйгө көңүл буруп, аны чечип берүүгө көмөктөшүүнү өтүнөбүз», - дешти тургундар.

Сан-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Орозобек Жапаровдун айтымында, айыл округдун курамына 5 айыл кирет, алардын бирөө гана таза суу менен камсыз болгон.

«Байзак жана Кең-Суу айылдары чоң айыл болуп саналат. Бул айылдарга суу тартуу чоң каражаттарды талап кылат. Биз долбоордук-сметалык документтерди даярдап, каражат издедик жана Кытай багыты боюнча долбоор таптык, балким алар аркылуу бул айылдарга суу түтүктөрү тартылат. Каркыра жана Сан-Таш айылдарына биз Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду аркылуу тартабыз. Долбоор даяр болору менен каржылоо булактарын издеп баштайбыз. Сары-Тологой айылы жакында эле суу менен камсыз болгон, ошондуктан ал тизмеге кире элек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×