Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.10.2018 09:33

«Сүрөтчү болууну бала бакчадан чечкем»: Гербдин авторлошу А.Абдраевдин кичүү уулу ата жолун улантууда (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин авторлорунун бири Асейин Абдраевдин кичүү уулу Нурген Абдраев атасынын жолун жолдоп, сүрөтчүлүк кесип боюнча билимин жогорулатып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурген Абдраев 1994-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Учурда ал Тургунбай Садыков атындагы сүрөтчүлөр академиясында 3-курстун студенти. Ал ата жолун жолдоп, кыялын ишке ашырып жатат. Окуудан тышкары кошумча иштегенге да жетишет.

«Сүрөтчүлүк кесипти тандоого атам түрткү болду десем жаңылбайм. Атамдын сүрөт тартып жатканын көрүп, сүрөтчү болгум келчү. Биз жашаган үйдүн алдында устаканабыз бар болчу, мен анда 3 жашта элем. Устакананын боёк жыттанып турганы мага жакчу. Атамдын сүрөттөрүн боёп, бузуп кетип калчумун. Ал анча-мынча урушкан бойдон калчу. Бала бакчада жүргөндө кызыгуу пайда болуп, сүрөтчү болууну чечтим. Атам аябай акылдуу, жөндөмдүү, таланттуу жана жөнөкөй адам болчу. Сүрөтчүлөрдүн ойлонуусу жана сезүүсү күчтүү болушу керек. Атамда ушул нерселер бар эле. Анын талантынын жок дегенде 40 пайызы мага жукса кудайга шүгүр. Атам экөөбүз чыгармачылык жөнүндө көп сүйлөшчүбүз. Ал мага өзүнүн идеяларын айтып берчү», - деди ал.

Атасынын боорукер жана берешендигин белгилеген Нурген: «Бишкектен жаңы сырткы кийим алып, Нарынга бардым. Кийимдеримди Ат-Башыга кетип бара жатканда калтырып кеткем. Үч күндөн кийин келсем жаңы алган кийимдерим жок. Атамдан кийимдерим кайсы жакта экенин сурасам, "бир балага берип койдум, жайкы бут кийим кийип жүрүптүр, үстүндө жука кийим экен" деди. Ал өзүнө эмес башкаларга каралашчу. Кудай буюрса бардыгын атамдын атынан жасагым келет. Мечит куруп, аз камсыз адамдарга, ооруканаларга, балдар үйүнө жардам бергим келет. Айрым учурларда карылар үйүнө барып жардам көрсөтүп калабыз.

Өзүм көбүнчө сүрөт сатуу менен акча табам. Кыргызстандагы сүрөт көргөзмөлөргө катышып жүрөм. 8-классымда Белоруссиядагы көргөзмөгө катышкам. Буюрса чет өлкөгө көргөзмөгө барабыз. Көрүнүктүү эмгегим катары Нарындын гербин айта алам. Көбүнчө адамдардын портретин тартам», - деди ал.

Сүрөтчү үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. Ал эми апасы опера ырчысы.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин авторлорунун бири Асеин Абдраев 2018-жылдын 16-августунда Нарын шаарында акыркы сапарга узатылган.

Маркумдун артында 2 уул жана 2 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×