Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 11.10.2018 13:47 На русском

Балыкчыда таланттуу аталардан түзүлгөн «Ак кеме» тобу алгачкы концертин тартуулашты (сүрөт, видео)

Turmush -  Балыкчы шаарында 60 жаштан 80 жашка чейинки кадырман аталар «Ак кеме» тобун түзүп, бет ачар концертин өткөрүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Концертте аталар тобу ооз комуз, чопо чоор, комуз, шылдырак, аккордеон, мандолина сыяктуу музыкалык аспаптарды колдонуп, элдик ырларды жандуу аткарып беришти. Ал эми топтун эң улуу мүчөсү — 80 жаштагы карыя «Манас» эпосунан үзүндү айтты. Топтун ар бир мүчөсү кыргызча ырларды аткарып, күлкүлүү интермедиялардан коюп, Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестин сахналаштырып көрсөтүштү.

Топтун максаты — кыргыз элинин маданиятын, айрыкча тарыхта калган акындардын, ырчылардын ырларын жаш муундарга жеткирүү болуп саналат. 14 кишиден турган топтун мүчөлөрү Балыкчы шаарынын тургундары, ар кандай кесиптин ээлери. Алар маданият, билим берүү, курулуш, айыл чарба жана башка тармактарда иштеп, учурда ардактуу эс алууда.

«Ак кеме» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген артист, Балыкчы шаарынын маданият үйүндө 50 жылдан ашык эмгектенген Тилек Турганбаев: «Учурда "Шайыр апалар" чыгып жатпайбы. Буга байланыштуу ойлонуп, чыгырмачыл, таланттуу аталардан топ түзүүнү чечкем. 50 жыл маданият тармагында иштеп, азыр эс алуудамын. Бекер жатпайын деп кадырман аталардан топ уюштурдум. Башында дароо эле чогула калган жокпуз. Топтун мүчөлөрү бири-биринен угуп отуруп эки айдын ичинде чогулду. Адегенде эле кийим, аппаратура, аспаптар керек экендиги аныкталды. Ар бирибиз пенсиябыздан 1500 сомдон чогултуп, демөөрчүлөр да табылды. Алар акчалай жардам көрсөтүп, кийим тиктирдик. Алдыда "Шайыр апалар" сыяктуу сынактарга катышалы деген ниеттебиз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×