Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.10.2018 12:07

Жети-Өгүздүн Кичи-Жаргылчак айылына 1,5 млн сомго ФАП курулат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 1,5 млн сомго ФАП курулат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына «Ынтымак Кыргызстан Жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы Жекшен Сулаев маалымдады.

Анын белгилөөсүндө, алар эл аралык фондго долбоор жазышкан. Натыйжада долбоор фонд тарабынан жактырылып, курулуш иштери башталды. Жалпы наркы 1,5 млн сомду түзүп, анын 30%ын айыл тургундары чогултушмакчы.

Курулуш иштери 3 айда бүткөрүлүп, жаңы ФАП медициналык жабдуулары менен пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×