Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.10.2018 10:23 На русском

Түптүн куткаруучулары бир айдан кийин жаңы имаратта иштеп башташат (фото)

Turmush -  ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу 60%га ишке ашты. Бул тууралуу райондук бөлүмдүн башчысы, майор Б.Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен 16 млн сомго каржыланган бул имараттын курулуш иштери 2015-жылдан бери аткарылып келе жатат.

«Бүгүнкү күнгө карата «Элеман-Эрмек» ЖЧК курулуш фирмасы жаңы имараттын курулушунун 60%ын бүткөрүп койдук. Быйылкы жылы гана каржылоо ойдогудай болгондуктан бир айдын ичинде замапбап, талапка жооп берерлик имаратты аягына чыгып, ачкычын тапшырабыз», - деди курулуш фирмасынын башчысы Макмуджан Бекжанов, райондун акими Э.Жантаев курулуштун абалын билүү үчүн барганда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×