Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.10.2018 14:05

Караколдо Монополияга каршы агенттик көмүрдүн баасын текшерди (фото)

Turmush -  Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облустук бөлүмү Каракол шаарында көмүр сатып жаткан түйүндөргө мониторинг жүргүздү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чара 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасын себепсиз кымбаттоонун алдын алуу максатында өткөрүлүп, анда жеке ишкерлерге бааны себепсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жеке ишкерлерге өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 «Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтому менен бекитилген социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирген 14 товардын ичине көмүр дагы киргенин жана көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 20 же андан көп пайызга кымбаттаган учурда өкмөт тарабынан 90 календарлык күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилиши мүмкүн экени түшүндүрүлдү.

2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасы кескин кымбаттап кеткенде өкмөт 2017-жылдын 16-ноябрындагы №745 токтому менен көмүрдүн баасына 90 календарлык күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизген. Токтомдун негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көмүрдүн баасына чектик деңгээл коюлуп, 90 календарлык күн тийиштүү органдар менен биргеликте көзөмөл жүргүзүлдү.

Учурда Каракол шаарында Каражыра, Шабыркүл көмүрлөрү 5200 сомдон 5800 сомго чейин (1 тонна), Кара-Кече көмүрү 4300 сомдон 4500 сомго чейин сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×