Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.10.2018 12:08

Ысык-Көлдө баңгизат менен кармалган жарандын айылдаштары митингге чыгышты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда айылдардын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин баңгизаттарды сактоого шектүү делип кармалган 1979-жылы туулган А.Р.нын жана 1980-жылы туулган А.Р.нын бир туугандары Түп районунун Балбай айылында плакаттарды көтөрүп, митингге чыгышты. Алар бир туугандардын кичүүсүн бошотууну талап кылышууда. Алардын айтымында, атайын операция учурунда үйүнөн табылган баңгизаттарга анын эч кандай тиешеси жок.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунда баңгизаттардын партиясы табылганын жана 27-сентябрда прокуратура органдары тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту жана 3-бөлүмүнүн 4-пункту менен («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү») кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×