Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
12.10.2018 01:08

Өткөөл курактагы көйгөйлөр. Балдарды рэкетчилик, кылмыштуулук жана арак менен баңгиден сактоо

Turmush -  Психологдор өспүрүмдөрдүн арасындагы өз өмүрүнө кол салуу, рэкетчилик, кылмыштуулук, аракечтик жана баңги көйгөйүнө олуттуу көңүл бурууга чакырышат. «Ак жүрөк» кризистик борборунун психологу Гүлнара Онкорова мындай жаштардын ичинде ата-энесине кол көтөргөндөр да бар экенин кошумчалады.

Маалым болгондой, учурда аталган кризистик борбор Ош шаарынан 24-25 жаштагы беш жигитти каттоого алган.

«Ушундай балдардын арасында ата-энелерине кол көтөргөндөр да бар. Ошондой эле ичкилик ичип, мектептеринде рэкетчилик кылган кыздар да каттоодо турат. Бул өтө аянычтуу көрүнүш. Мындай абалга ата-энелер өздөрү себепчи, учурунда жумуш деп жүрүп балдарына көңүл бөлбөй коюшкан. Карап көрсөң жакшы үй-бүлөнүн эле балдары. Ата-энелер бизге кеч болуп калганда гана кайрылышат», - деди Г.Онкорова.

Ага жакында эле 17 жаштагы окуучу кызды алып келишкен.

«Ал ата-энесине баш бербей, жаман топторго кошулуп кетиптир. Атасы “сиз психологсуз, бир нерсе кылып бериңиз” дейт. Ал кыз 17 жыл ичинде калыптанып калган. Эгерде кыздын өзүндө каалоо, өзгөрөм деген ою болсо, анда ал кыз менен жок дегенде 1 жыл иштешим керек болот.

12 жаштан 16 жашка чейинки өткөөл курактагы балдар менен сүйлөшүү кыйын. Ошондуктан алардын психологиясы менен ата-эне, мугалимдери биргеликте тыгыз иштөөсү зарыл», - деди психолог.

Болуп жаткан ар бир окуя өспүрүмдөргө гана эмес, чоң адамдардын да психологиясына таасирин тийгизет. Психологдун айтымында, бул көрүнүштөр адамдын ички сезиминде тынчсыздануу, коркуу сезимдерин жаратат.

«Ошол сезимдерди кабыл алган адам стресске, депрессияга кабылат. Мындай абал көп учурда 12 жаштан 16 жашка чейинки балдарда катталат. Учурда өспүрүмдөр уюлдук телефонду көп колдонуп, социалдык тармактардан өзү каалаганын көрө алышат. Бул мезгилде балага ата-эненин көңүл буруусу солгундайт. Анын кесепетинен балдар чөйрө менен байланышын азайтат.

Миграциянын айынан жаш балдар таене, чоң эне, тууган-уруктарынын колунда тарбияланып, жетиштүү көңүл бөлүнбөй калууда. Ата-энесинин мээрими жок чоңоюп, жетиштүү көңүл бөлүнбөгөн балдар рэкетчилик, суицид жана наркомания сыяктуу терс көрүнүштөргө барууда», - деди психолог Онкошова.

Өткөөл куракта балдардын дене мүчөсүндө гормоналдык, физиологиялык өзгөрүүлөр болуп, психологиясын да өзгөртөт. Психологдор мындай учурда баланын өзүнө болгон ишеничин өстүрүү зарыл деп кеңеш беришет.

«Өткөөл куракты көпчүлүк балдар көтөрө албай калат. Бул учурда баланын жекече өзгөрүүсүнө жараша, ата-энелер менен мугалимдер биргеликте иш алып баруусу жакшы. Тарбиялоо — бул урушуу, тилдөө эмес, акырын гана түшүндүрүү», - деп кошумчалады Онкорова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×