Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.10.2018 16:56

Жети-Өгүздө Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарага 8 улуттун өкүлдөрү катышты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деген теманын негизинде семинар өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, райондук маданият бөлүмү жана Ырдык айыл аймагынын уюштуруусунда өткөн иш-чарада жазуучунун калемине таандык чыгармалардан үзүндүлөр коюлду. Бул күнү 60 жаштан 80 жашка чейинки апалардан түзүлгөн «Аруузат» шайыр апалар тобу тарабынан Толгонайдын монологу аткарылып, элдик ырлар жаңырды. Ага улай ынтымакты айгинелеген башка улуттун ыр-бийлери да аткарылды.

Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жыпара Бейшеева жазуучунун турмуштук мааниси зор чыгармалары келечек муун үчүн чоң сабак экенин айтып, элеттик маданият кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Курамы улуу-кичүү муундан турган «Аруузат» шайыр апалар тобу да жазуучунун чыгармаларын учурунда колдон-колго өткөрүп окуп келишкенин белгилешти.

Учурда Ырдык айылында 8 улуттун өкүлдөрү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×