Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 09.10.2018 14:15 Жаңыланды: 09.10.2018 18:10

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Н.Аламанов өзгөчө стилдеги даараткана куруп, көпчүлүктү таң калтырды (фото)

Turmush -  Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын 32 жаштагы тургуну Нурлан Аламанов өзгөчө стилдеги даараткана курду. Жергиликтүү тургун менен аймактык кабарчы таанышкан.

Өзүнүн айтымында, мындай даараткана куруу идеясы ага таандык.

«Маданият дааратканадан башталат деп бекеринен айтылган эмес. Мен дагы даараткана куруудан мурун анын планын чийип алып, атайын моделин ойлоп тапкандан кийин курууга киришкем. Аны башкалардыкынан өзгөчө жана сапаттуу кылууну башында эле пландагам.

Анын курулушун айыл турмушуна, жаратылышына тууралап, формасын козу карындай кылууну ойлодум. Жасалышы бир топ түйшүк жаратты, бирок жыйынтыгы мен күткөндөй болду», - дейт Н.Аламанов.

Ал даараткананын чуңкурун казгандан баштап бүткөнгө чейин бир ай убакыт сарпталганын белгиледи.

«Мен жеке ишканада эсепчи болуп иштегендиктен, жумуштан тышкары бош убактым болгондо гана курулуш менен алек болуп жаттым. Жалпы 13 миң сом кетти жана бир ай ичинде куруп бүттүм.

Даараткананы биринчи жолу көргөндөр абдан таң калышып, «вау», «эң сонун», «өзгөчө», «укмуш», «элде жок» деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатышты. Эң негизгиси баарына жакшы маанай тартуулайт. Эгер буйрутма беришсе жасап беришим мүмкүн», - дейт ал.

Мындан тышкары ал жазында очоккана, түшүм сактоочу жай, цех, жуунучу бөлмө, ашкана жана башка чарба курулуштарын өзгөчө стилде курууну пландап жатканын кошумчалады.


Г.Аламанов жогорку билимге ээ, кесиби боюнча агроном. Ал Кыргыз мамлекеттик агрардык университетин жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясын окуп бүтүргөн. Учурда жеке ишканада эсепчи болуп эмгектенет. Андан тышкары, таштардан түрдүү азем-белектерди жасайт.

«Түрдүү материалдарды аралаштырып, айкалыштырып иштегенди жакшы көрөм. Жыгач, мүйүз, таштарды колдоном. Устачылык менен бала кезимден алектенип келем. Кол эмгек мен үчүн биринчиден чыгармачылык эргүү, эс алуу. Ар кандай шамчырактарды, сувенирдик жааларды жасайм. Учурда Кыргызстандын рыногунда жаңылык киргизип, таштан раковиналарды жасап жатам. Устачылык өнөр тай жагымдан өткөн деп эсептейм. Анткени таякелерим өнөрлүү адамдар. Ал эми өзүмдүн апам кол өнөрчү.

Бизде усталардын мастер-класстары болсо, сөзсүз бармакмын. Ага чейин өзүмдүн ой жүгүртүү, кыялымдагы буюмдарды жасап жатам. Бирөөнүн ишин туурабай, башкалардын идеясын уурдабай, өз жолум менен кеткенге аракет кылам. Анткени автордук укук деген түшүнүк бар.

Кол өнөрчүлүктө изденүү эң башкы өзөк деп эсептейм. Ар бир ишке кеткен убакыт, чыгым жана эмгегим — баа саясатын түзүү принцибим. Өтө бийик бааны койбогонго аракет кылам. Анткени мен жасап жаткан буюмдарды карапайым адам дагы колдонсо дейм. Баардыгы сүйлөшүү, баалашуу менен болот. Кээде эмгегимди алып жаткан кардар көңүлүмө жакса, бир топ эле бааны түшүрүп сатам. Дал ушундай баага сатам деп айтуу кыйын. Себеби мен жасаган иштер көлөмү, жасалышы боюнча ар түрдүү. Минималдуу баа 1 миң сомдон жогору. Чоң эмгектерим 15-20 миң сомго чейин бааланат», - деди ал.

Нурбек уста эмгектерин Кыргызстантандын аймактарына жана Катар, Германия, Казакстан, Россияга чейин сатат.

«Бош убакта жаратылыш койнунда эс алганды жактырам. Музыка угам жана жакшы идея келип калса чыгармачылык менен өткөргөндү жакшы көрөм. Максатым — чакан ишкана ачып, аз да болсо Кыргызстандын өндүрүшүнө салым кошуу. Өзүм билген өнөрдү өнөрлүү инилерге үйрөткүм келет. Жөнөкөй, майда-чүйдө оокаттарды коңшу мамлекеттерден ташып жатабыз. Бул түп тамырынан туура эмес. Өзүбүздүн колдон келчү иштерди жасасак, өндүрүштүн өнүгүүсүнө салымы чоң болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×