Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.10.2018 20:30 На русском

Фото — 26 жаштагы Н.Махметова булгаарыдан жасаган буюмдарын Дубай, Берлин, Амстердамга чейин сатууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Таш-Кыя айылынын 26 жаштагы тургуну Надия Махметова булгаарыдан буюмдарды жасап, аларды чет өлкөлөргө сатууда. Жаш ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Каракол шаарында кыргыз-түрк лицейинде билим алган. Англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

«Булгаарыдан буюмдарды жасап иштегениме 3 жылдын жүзү болду. Башында үйрөнүш үчүн көп убакыт кетти. Себеби, бул боюнча атайын билим алган эмесмин. Ал учурда үйрөтө турчу курстар дагы жок эле. Интернеттен көргөнүмдү өз алдымча жасап үйрөндүм. Акырындык менен мен жасаган буюмдарга кызыккандар пайда боло баштады», - дейт ал.

Надия Махметова жеке компания түптөө идеясы ишкерчилик менен алектенген ата-энесине жардам берип жүргөндө пайда болгондугун билдирди.

«Буга чейин жеке компаниямды түптөсөм деп тилек кылып жүрчү элем. Ошол убакта мени белгилүү компанияларга жумушка чакырып калышты. Бардым, бирок иштей алган жокмун. Себеби, ал жерде иштесең ойлогонуңду ишке ашыра албайт экенсиң. Белгилүү бир эрежелер менен иштөөнү талап кылышат экен. Мен болсо жаңы идеяларды жана сунуштарды киргизип, эркин иштегенди жактырчу элем. Ошентип жарым жылдай иштеп, анан жумуштан кетип калдым.

Андан кийин ата-энемдин жардамы менен 1 тигүүчү машина сатып алып, булгаарыдан ар кандай стилдеги буюмдарды жасап баштадым. Акырындык менен тигүүчү машиналардын санын көбөйтүп, чакан команда топтодум. Алгач аларга өзүм үйрөттүм. Учурда алар дагы өздөрүнүн идеяларын айтышат, сунуш киргизишет. Командабыз мыкты, креативдүү адамдардын топтолду. Азыр жалпы 5 адам иштеп жатат.

Учурда булгаарыдан көп буюмдарды жасайбыз. Мисалы, башында менюларды, папкаларды жасасак, азыр кол баштыктарды, сумкаларды, капчыктарды жана башка буюмдарды жасап жатабыз. Биз жасаган буюмдардын өзгөчөлүгү анын улуттук орнаменттери менен сапаттуу жасалышында. Биздин буюмдар учурда Дубайга, Германияга (Берлин), Амстердамга чейин сатылат. Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө белекке берүү үчүн алып кетишет. Дагы башка өлкөлөрдөн кардар издеп жатабыз», - дейт ал.

Ошондой эле ал жылына 1,5 миллион сомдук соода жүгүртүү бар экенин кошумчалады.

«Буюмдардын баасы ар кандай. Мисалы, кол баштыктар таза булгаарыдан жасалса 950 сомдон жогору, ал эми экокожа жана дермантинден жасалган болсо 300 сомдон өйдө. Эң жакшы сумкалар 2500 сомдон 4000 сомго чейин бааланат. Жылына 1,5 млн сомдук соода жүгүртүүбүз бар», - дейт Надия.

Ал дүйнө жүзүнө таанылган Кыргызстандан чыккан бренд негиздөө жана дагы 20-30 кишини жумуш менен камсыз кылуу планы бар экенин кошумчалады. Ал үч бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×