Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.10.2018 13:07

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Г.Аламанова жүндөн жасаган бут кийимдерди Европа өлкөлөрүнө чейин сатат (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 41 жаштагы тургуну Гүлнура Аламанованын жүндөн жасалган бут кийимдери чет өлкөлөргө сатылат. Кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлнура Аламанова Токмок шаарындагы медициналык окуу жайда билим алган. Ал окуу жайды бүтүргөндөн кийин 5 жылга жакын медайым болуп эмгектенген. Бирок шартка байланыштуу кесиби боюнча иштөөнү уланткан эмес.

«Учурда Балыкчыдагы чакан цехте жүндөн бут кийимдерди жасайм. Цехте иштегениме 5 жылдай болуп калды. Мен жасаган бут кийимдер Россия, Казакстан жана Европа өлкөлөрүнө чейин экспорттолот. Жумуштан тышкары үйдөн да жасап, ал бут кийимдерди 500 сомдон сатам. Ошондой эле туугандарыма дайыма белекке берип келем», - деди ал.

Кол өнөрчүнүн айтымында, жүндөн жасалган бут кийимдер экологиялык тазалыгы, жылуулугу менен айырмаланат. Бул бут кийимдер бутту тердетпей, жагымсыз жыт да чыгарбайт.

«Бош убактымда балдарым менен эс алам, ар кандай кондитердик азыктарды жасоого да кызыгам. Айрым учурларда түймө түйөм. Келечекте чакан кондитердик же жүндү кайра иштетүүчү цех ачкым келет. Айыл жергесине мындай цех ачылса үйдө отурган кыз-келиндер жумуш менен камсыз болмок», - деди ал.

Ал 1 кыз жана 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×