Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.10.2018 10:10

Теплоключенка айылында 112 кары адамга акчалай сыйлыктар тапшырылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл өкмөтүндө 15-сентябрдан баштап «Карыларга камкордук» деген аталышта бир айлык өтүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бир айлыктын алкагында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү айыл аймактагы 80 жаштан өткөн 112 кары адамдын үйүнө барып, жашоо-шарттары менен таанышып, акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле 50 жылдан ашык убакыт бирге өмүр сүргөн беш түгөйгө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул иш-чарага айыл өкмөт тарабынан 40400 сом сарпталган.

Карыяларды куттуктоо иш-чарасына ардагерлер кеңеши дагы катышып, коомдук иштерге активдүү катышып келе жаткан ардагерлерге ардак грамоталарды тапшырышты.

«Бир айлыктын алкагында кары адамдарга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, тиешелүү жардамдар берилет», - деди аталган айыл аймактын башчысы Талант Көбөнбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×