Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.10.2018 11:41

Ак-Суунун Кереге-Таш айылында 108 кары адамга сый көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагында улгайган адамдарга сый көрсөтүү акциясынын алкагында 108 кары адам сыйланды. Бул тууралуу айыл аймак башчысы Жыргал Жумашев маалымдады.

Анын айтымында, Карылар күнүнө карата уюштурулган иш-чарага 70 жаштан жогорку 108 адам чакырылган. Алардын арасында 100 жаштан өткөн эки адам бар. Чакырылгандарга сый тамак берилип, белектер тапшырылды.

Кереге-Таш айылынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөбай Мурашев Союз маалында 5 айылдын эли талаа иштерин ынтымактуу бирге жүргүзүп келгенин айтты. Бул күнү ардагерлер эски ырларды ырдап, басып өткөн жолдорун эске салып отурушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×