Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.10.2018 10:39

Түптүк Акыбай Иманбеков 90 жашка чыкканда «Ардактуу атуул» наамын алды (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Акыбай Иманбеков 90 жашка чыкканда «Түп районунун ардактуу атуулу» наамына ээ болду. Бул сыйлыкты Карылардын эл аралык күнүнө карата райондун акими Элчибек Жантаев тапшырды, деп билдирди аймактык кабарчы.

А.Иманбековдун келини — Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлгүнай Ордобаеванын айтымында, мындай белек кайнатасынын көңүлүн абдан көтөрдү.

«Кайнатам 90 жашка чыкканда «Түп районунун ардактуу атуулу» наамын алгандан кийин кадимкидей оорусунан айыккандай боло түштү», - дейт Г.Ордобаева.

А.Иманбеков 1980-жылы ден соолугу боюнча ооруктун ардагери катары ардактуу эс алууга чыккандан бери эске алынган эмес. Ооруктун ардагери катары тиешелүү жөлөк пулун алып жүргөн.

90 жаштагы Акыбай Иманбеков ата «Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши» дегендей адам. 1941-жылы 13 жашында 1-класска барганда Улуу Ата Мекендик согуш башталып, мектепте окуп да, машак терип да, тагдырдын татаал күндөрүн башынан өткөргөн. Акыбай ата согуш мезгилиндеги кычыраган кышта, жазгы жамгырда талаа-түздө түнөп, «Баары фронт үчүн, баары жеңиш үчүн!» деп жүрүп ден соолугун да бузуп алган.

Согуштан кийин Акыбай ата бир короо кой алып, 10 жыл кой багып жүрүп, 1953-жылы Жамигүл Молдогазиевага үйлөнгөн. Аялынын жана балдарынын жанында болуу үчүн дыйканчылыкка киришип, дан эгиндеринин ар гектарынан 50-60 центнерден түшүм алып, 1972-жылы «Ленин», 1975-жылы «Октябрь революциясы» ордендеринин ээси болот.

Мындан тышкары, ар кыл даражадагы мамлекеттик медаль жана сыйлыктардын ээси болгон талды-суулук сугатчы Акыбай Иманбеков 1975-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланат. Байбичеси экөө 7 баланын ата-энеси, 27 неберенин, 15 чөбөрөнүн кадырлуу чоң ата, чоң энеси болушкан.

«Эки балам, байбичем кайтыш болгондон бери кичүү балам Төлөнбек Иманбековдун колундамын. Келиним Гүлгүнай өз кызымдан артык багып жатат», - дейт Акыбай ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×