Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 08.10.2018 09:32

Тоңдо районду этномаданий корукка айландыруу маселеси талкууланды (фото)

Turmush -  Тоң районунда «Эко жана этномаданий туризм. Бүгүн жана келечекте» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондук мамлекеттик администрация жана «Тескей жээк» этномаданий туристтик дестинациясы уюштурган иш-чаранын максаты туризмди өнүктүрүү менен Тоң районун этномаданий корукка айландыруу болуп саналат. Ага Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти А.Темиркулов, кинорежиссер Э.Абдыжапаров, «Салбурун» федерациясынын президенти А.Акунов жана дестинация мүчөлөрү катышты.

Анда дестинация мүчөлөрү түзүлгөн күндөн тарта аткарып жаткан иштери тууралуу айтышып, аймакты этномаданий корукка айландыруу боюнча сунуштар айтылып, бул маселелер боюнча тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылуулар жолдонмой болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×