Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.10.2018 16:48

Карга акенин 300 жылдыгы: Улуттук оюндардын 5 түрү боюнча мелдеш өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 6-октябрда Жети-Өгүз районунун Дархан айылында Карга акенин 300 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Карга акенин урпагы, уюштуруу тобунун төрагасы Болот Берикбаевдин айтымында, иш-чарага 3 миңден ашуун мейман катышууда.

«Бүгүнкү күндө Карга акеден тараган 350 түтүн эл жашайт. Эстелик ачылып, улуттук спорт оюндарынын 5 түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, кыз куумайга 3 кыз-жигит түшүштү. Мындан тышкары таяк тартыш, күрөш, тыйын эңмей өңдүү спорт оюндары уюштурулду. Хан ордого 7 боз үй тигилди», - деди ал.

Буга чейин айылга 100дөн ашык боз үй тигилип, бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда Карга акенин айкелинин ачылыш аземи болгон.

Скульптор Абдисап Калматовдун айтымында, айкелди жасоо үчүн Казакстандын Кордай айылынан алынып келинген 30 тонналык чоң таш — кызыл гранит колдонулган. Даяр болгон айкелдин салмагы 12 тоннага жетип, анын аймагы тосулду. Ал эми эстеликтин бийиктиги 7,5 метрди түзөт. Айкелди жасоого 40 миң доллар жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×