Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.10.2018 13:20 На русском

40 миң долларга тургузулган айкел: Жети-Өгүздө Карга акенин 300 жылдыгын белгилеп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 6-октябрда Жети-Өгүз районунун Дархан айылында Карга акенин 300 жылдык мааракеси белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айылга 100дөн ашык боз үй тигилип, бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда Карга акенин айкелинин ачылыш аземи болду. Андан кийин куран окулуп, театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.

Скульптор Абдисап Калматовдун айтымында, айкелди жасоо үчүн Казакстандын Кордай айылынан алынып келинген 30 тонналык чоң таш — кызыл гранит колдонулган. Даяр болгон айкелдин салмагы 12 тоннага жетип, анын аймагы тосулду. Ал эми эстеликтин бийиктиги 7,5 метрди түзөт. Айкелди жасоого 40 миң доллар жумшалды.

Маалымдама

Карга аке, Карга Мендегул уулу Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин, Батыш Сибирь генерал-губернатору менен сүйлөшүү үчүн 1824-жылы элчи жиберүүгө демилге көтөргөн бийлердин бири. Карга аке кара кылды как жарган калыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Каргадан тап» деген сөз калган. Мындан тышкары «Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол», «Кайратты элден, келбетти жерден ал», «Тазалыкты суудан, ынтымакты туудан ал» деген накыл сөздөр Карга акеге тиешелүү делет. 1996-жылы ага күмбөз тургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×