Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 06.10.2018 11:18 На русском

Сүрөт — Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички иштер министрлери Чолпон-Атага чогулушту

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн – Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ички иштер министрлеринин кеңеши өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Эл аралык иш-чара президент Сооранбай Жээнбеков тарабынан коюлган тапшырмаларды, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн аймактык кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу, достук мамилелерди күчөтүү максатында өтүп жатат. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев төрагалык кылууда.

Жыйынга Казакстандын ички иштер министри, полициянын генерал-полковниги Касымов Калмуханбет, Тажикстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамро, Өзбекстандын ички иштер министри, генерал-майор Пулат Бобожонов катышууда. Ошондой эле, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Ички иштер министрликтеринин чек арага жакын аймактардагы бөлүмдөрүнүн жана башкы башкармалыктардын жетекчилери — Чүй ОИИББ, Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, Алмата жана Жамбыл облусунун ички иштер департаменттеринин, Тажикстандын Согдий облусу боюнча ИИМдин башкармалыгы, Андижан, Наманган жана Фергананын ички иштер башкармалыктарынын башчылары да катышууда.

Учурда жыйында кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча кызматташуу механизмдерин, чек ара аймактарында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда ички иштер министрликтердин өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү маселелери каралып жатат. Андан кийин аймактардын коопсуздугу боюнча пикир алмашуу, уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана терроризмге, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелери боюнча талкуу жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×