Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.10.2018 15:18

Балыкчыга 1 млрд сом инвестиция тартылып, ал шаарды өнүктүрүүгө жумшалат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын мэриясында 4-октябрда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата шаарды өнүктүрүү маселеси талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга экономика министринин орун басары А.Алыбаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Моңолдоров, мэр А.Мамбетов, Экономика министрлигинин региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси З.Жумалиев, шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев, «Гарантиялык фонд» ААКтын төрагасы М.Абакиров, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Э.Асрандиев жана шаар тургундары катышты.

Алгач шаар мэри А.Мамбетов Балыкчы шаарынын экономикалык өсүшү, калаадагы натыйжалуу өзгөрүүлөр, «Жашыл шаар», «Жарык шаар», «Коопсуз шаар» долбоорлорунун алкагында көзгө көрүнүктүү аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ага улай мэриянын кызматкери А.Бейшеналиев мэр А.Мамбетовдун 2018-2022-жылдарга карата шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын урунттуу учурларына токтолду. Андан соң келген делегация жана шаардын бизнес бирикмелери, активдери ортосунда суроо-жооп иретинде сүйлөшүүлөр болду.

Экономика министринин орун басары А.Алыбаев жыйында Балыкчы шаарынын өнүгүүсү, мамлекеттик программага кирип жаткан өнүгүү чекити тууралуу талкуулар болгонун билдирди. Республикада өзгөчө приоритет менен 20 шаардын экономикасына, инфраструктурасына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, алардын ичинде Балыкчы шаары дагы бар экенин, ага ылайык бардык тармак боюнча шаарга беш жыл ичинде 1 млрд сом инвестиция катары кире турганын айтты. Ошол себептен шаардын мындан кийинки өнүгүү багыттары, түзүлгөн жолдору жөнүндө пикир алышып, ой бөлүшүү зарыл экенин белгиледи.

Талкууда шаарды өнүктүрүү багытын аныктап жазган адистерге кайсы маселелерге көңүл буруу керектиги жөнүндө кеңештер берилип, кандай маселелер камтылбай калгандыгы боюнча талкуу болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×