Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 07.10.2018 11:48 Жаңыланды: 08.10.2018 08:12 На русском

Айыл турмушу: 32 жаштагы уста Нурлан Аламановдун жыгачтан, таштан жасалган эмгектери (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 32 жаштагы тургуну Нурлан Аламанов таштан ар кандай сувенирлерди жасайт. Устачылык менен бала кезинен алек болгон тургун өнөр тайларынан өткөн деп эсептейт.

Уста жогорку билимге ээ, кесиби боюнча агроном. Ал Кыргыз мамлекеттик агрардык университетин жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясын окуп бүтүргөн. Учурда жеке ишканада эсепчи болуп эмгектенет.

«Түрдүү материалдарды аралаштырып, айкалыштырып иштегенди жакшы көрөм. Жыгач, мүйүз, таштарды колдоном. Устачылык менен бала кезимден алектенип келем. Кол эмгек мен үчүн биринчиден чыгармачылык эргүү, эс алуу. Ар кандай шамчырактарды, сувенирдик жааларды жасайм. Учурда Кыргызстандын рыногунда жаңылык киргизип, таштан раковиналарды жасап жатам. Устачылык өнөр тай жагымдан өткөн деп эсептейм. Анткени таякелерим өнөрлүү адамдар. Ал эми өзүмдүн апам кол өнөрчү.

Бизде усталардын мастер-класстары болсо, сөзсүз бармакмын. Ага чейин өзүмдүн ой жүгүртүү, кыялымдагы буюмдарды жасап жатам. Бирөөнүн ишин туурабай, башкалардын идеясын уурдабай, өз жолум менен кеткенге аракет кылам. Анткени автордук укук деген түшүнүк бар.

Кол өнөрчүлүктө изденүү эң башкы өзөк деп эсептейм. Ар бир ишке кеткен убакыт, чыгым жана эмгегим — баа саясатын түзүү принцибим. Өтө бийик бааны койбогонго аракет кылам. Анткени мен жасап жаткан буюмдарды карапайым адам дагы колдонсо дейм. Баардыгы сүйлөшүү, баалашуу менен болот. Кээде эмгегимди алып жаткан кардар көңүлүмө жакса, бир топ эле бааны түшүрүп сатам. Дал ушундай баага сатам деп айтуу кыйын. Себеби мен жасаган иштер көлөмү, жасалышы боюнча ар түрдүү. Минималдуу баа 1 миң сомдон жогору. Чоң эмгектерим 15-20 миң сомго чейин бааланат», - деди ал.

Нурбек уста эмгектерин Кыргызстантандын аймактарына жана Катар, Германия, Казакстан, Россияга чейин сатат.

«Бош убакта жаратылыш койнунда эс алганды жактырам. Музыка угам жана жакшы идея келип калса чыгармачылык менен өткөргөндү жакшы көрөм. Максатым — чакан ишкана ачып, аз да болсо Кыргызстандын өндүрүшүнө салым кошуу. Өзүм билген өнөрдү өнөрлүү инилерге үйрөткүм келет. Жөнөкөй, майда-чүйдө оокаттарды коңшу мамлекеттерден ташып жатабыз. Бул түп тамырынан туура эмес. Өзүбүздүн колдон келчү иштерди жасасак, өндүрүштүн өнүгүүсүнө салымы чоң болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×