Каракол шаарынын мэри кызматына 2 талапкер чыкты

Turmush - Каракол шаарынын мэри кызматына 2 талапкер сунушталат. Маалым болгондой, мындай чечимди шаардык кеңеш кабыл алган.
Талапкердин бири – Эрлан Айсаракуновду шаардык кеңештеги «Табылга» фракциясы көрсөттү. Ал учурда Каракол шаардык кеңешинин төрагасы.
Ал эми 4 фракциянын мүчөлөрү Каракол шаарынын вице-мэри Адыл Каниметовду талапкер кылып сунушташты.
Буга чейин Каракол шаарынын мэри Арпачиев Данияр Карагулович ээлеген кызматынан бошотулгандыгы жана тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугу маалымдалган болчу. Кийинчерээк Д.Арпачиев Каракол шаарынын мэри кызматынан кетүү тууралуу арыз жазуусуна эмне себеп болгондугун түшүндүргөн.
Каракол шаарынын мэрин шайлоо 12-октябрда өтөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком