Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 04.10.2018 18:29

Ысык-Көлдө мас айдоочу 3 жигитти сүзүп, бири каза болду

Turmush -  Түп районунун Түп айылында 3 жигитти унаа сүзүп, бирөө ошол жерде каза болду.

Маалым болгондой, жол кырсык 28-сентябрда саат 23:00 чамасында болгон. 1976-жылы туулган Р.А. «Форд Галакси» үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй баратып, үч жөө адамды сүзгөн.

Жол кырсык болгон жерде 2000-жылы туулган А.К. каза болгон. 1999-жылы туулган Н.А. жана 1999-жылы туулган С.К. жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Айдоочу мас абалында болгондугу аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×