Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 04.10.2018 17:12 Жаңыланды: 04.10.2018 18:44 На русском

Ысык-Көлдүн тургуну аны кармап кеткен УКМКнын кызматкерлери сабаганын айтты (видео, фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун тургуну, малчы Туратбек Аманов аны кармоого катышкан УКМКнын жана ИИМдин облустук бөлүмүнүн кызматкерлерине нааразы болуп, укук коргоо органдарына кайрылды.

Анын айтымында, ал 3 жылдан бери А.Р.нын [баңгизат кармоого шектелген] кашарында малчы болуп иштейт.

«Ошол күнү мен малчынын үйүндө болчумун. Мен эшикти ачарым менен үйгө 6 киши кирип келди. Атайын бөлүктүн кызматкери мени мылтык менен соккондо ыргып барып, кулап калдым. Ал менин колумду кайрып, жерди каратып жаткырды», - дейт Т.Аманов.

Ал белгилегендей, алар аны суракка алып, мал короо менен үй кимге таандык экенин сурашкан.

«Андан кийин мени, А.Р. жана экинчи малчы Төлөгөн менен «Нива» унаасына салып, Караколдогу УКМКнын имаратына алып келишти. Үчөөбүздү ар кандай бөлмөлөргө киргизишип, сурак алышты. Алар табылган баңгизаттар жана мылтык мага таандык экенин мойнума алдырууга аракет кылды. Мен кылбаган кылмышка жоопкерчиликти албай туранымды билдирдим.

Алар мага физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтүштү. Муну Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлери да тастыктап бере алышат», - деди Т.Аманов.

Учурда Т.Аманов медициналык дарылануудан өтүп жатат.

Ал эми «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Камил Рузиев укуктук жардам сурап Т.Аманов 3-октябрда кайрылганын билдирди.

«Анын кайрылуусунан кийин биз медициналык текшерүүдөн өтүүгө жардам бердик, дарыгерлер анын сабалганын тастыкташып, ал дарыланууга муктаж экенин айтышты. Биз азыр облустук прокуратурадан бул маселе боюнча чара көрүүнү талап кылып жатабыз», - деди ал.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунда баңгизаттардын партиясы табылганын жана 27-сентябрда прокуратура органдары тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту жана 3-бөлүмүнүн 4-пункту менен («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү») кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×