Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 04.10.2018 14:04

Тоңдо мамлекеттик кызматкерлер волейбол боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн кубогуна арналган волейбол боюнча ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдешке жалпы 7 команда катышты. Анда Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң райондорунун жана Каракол, Балыкчы шаарларынын администрациясынын аппарат кызматкерлери, райондук жана шаардык кеңештин депутаттарынан турган командалар катышты. Мелдештин жыйынтыгында Каракол шаарынын администрациясынын командасы биринчи орунду ээледи.

Иш-чаранын максаты мамлекеттик кызматкерлерди спортко үндөө болуп саналат. Бул иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев күбө болуп, Тоң районунун акими Т.Ажиев менен бирге жеңүүчү командаларга кубок жана дипломдорду тапшырышты.

Иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×