Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.10.2018 17:07

Ысык-Көлдө пайдаланылбай калган жерлердин аянты кыскарууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунyн аймагында пайдаланылбай калган жерлердин аянты кыскарууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы облустун аймагында пайдаланылбай калган жерлердин аянты 8910 гектарды түзсө, 2018-жылы 8102 гектарды түзгөн. Жер аянтынын кыскаруусу өзгөчө Ак-Суу районунда байкалган. Тактап айтканда, быйыл жалпы облус боюнча 808 гектар жер кыскарган болсо, анын ичинен Ак-Суу районунда 341 гектар жер кыскарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×