Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 05.10.2018 01:09 На русском

Айыл турмушу: Темир уста Нурлан Калиев жылына 300 миң сомго чейин киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Бар-Булак айылынын 37 жаштагы тургуну Нурлан Калиев устачылык менен алектенип, жылына 300 миң сомго чейин киреше табат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2009-жылдан бери устачылык менен алек.

«Устачылык кичинекей кезимден бери кыялданып жүргөн иш болчу. Алгач долбоор утуп алып, Бар-Булакка цех ачкам. Темирден дарбазаларды, бастырмаларды, эшик-терезенин темир тосмолорун, тепкичтерди жасайм. Аталган долбоордо 40 000 сом каралган. Биз Оштун тургундары менен бирге иштеп, алардан цехке керектүү бардык жабдыктарды акчасын бөлүп төлөө келишими менен алып калганбыз. Дарбазалар 30 миңден баштап 50 миң сомго чейин бааланат. Ал эми темир эшиктерди 15000-25000 сомдон сатсак, тепкичтер 700 сомдон башталат. Бастырманын 1 чарчы метри 1500-2200 сомго чейин жетет. Терезенин тосмолорунун 1 чарчы метри 1200 сомдон баштап, 1700 сомго чейин бааланат. Ошондой эле жасалгаланган отургучтар 7000-10000 сомдон сатылат», - деди ал.

Уста жылына 300 миң сомго чейин киреше табат. Ал цехтин имаратына акы төлөбөгөндүктөн буюмдарды башкалардан арзаныраак сатат.

«Сапатка абдан көңүл бурулат. Начар жасалган ишти эч ким кабыл албайт. Бош убакта китеп окуганды жактырам. Интернеттен жаңы ойлоп табылган буюмдарды көрөм. Келечекте мамлекетке салык төлөгөн чакан ишканалар көбөйүшүн каалайм», - деди ал.

Нурлан Калиев 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×