Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.10.2018 11:26 Жаңыланды: 07.10.2018 20:18 На русском

Тагдыр: Кыз төрөгөнү үчүн күйөөсү таштап кеткенде инсульт болгон Гүлзат көчөдө калышы мүмкүн (фото, видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 41 жаштагы тургуну, 2 кыздын энеси Гүлзат Төрөгелдиева ден соолугунун абалы оор болгондуктан жардамга муктаж. Аймактык кабарчы тургундан кабар алды.

Г.Төрегелдиева жолдошу Кубан Акунов менен 20 жыл бирге жашап, эки кыздуу болушкан. Ал кичүү кызын операция жолу менен төрөгөн. Андан кийин кан басымы көтөрүлүп, инсульт болуп жыгылган. Учурда жакшы сүйлөй албай, төшөктө жатат. Анын улуу кызы Толгонай 9 жашта болсо, кичүүсү Бурул 4 жашта.

Буга чейин Г.Төрөгелдиева Turmush басылмасына билдиргендей, жолдошу экинчи кызын төрөгөндө «кыз төрөйсүң» деп төрөт үйүнө да барбай койгон. Жолдошу эки кызы менен таштап кеткенден кийин ал эжеси Элизанын үйүндө убактылуу жашап калган. Учурда кыздары жана өзү да жардамга муктаж.

Учурда эже-синдилер балдары менен убактылуу батирде баш калкалашат.

«Кичүү кызы төрөлгөндөн кийин 20 күн өткөн соң инсульт алып, 5 күн комада жатты. Кийин экинчи жолу инсульт алды. Ден соолугу начарлап кетти. Өзүмдүн 4 балам бар. Бир жылдын ичинде 4 жолу батирден-батирге көчтүк. Сиңдимдин дары-дармектерине каражат жетпей жатат. Аны Түркиядагы ооруканалардан дарылатуу үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайм», - дейт эжеси Элиза.

Ошондой эле ал алар жашаган батир сатылып жаткандыктан үйдөн чыгууга аргасыз болуп жатышканын жана алардын баш калкалаар үйү жок экенин билдирип, кайрымдуу адамдардан жардам сурады.

Ал эми Кызыл-Суу айыл аймагынын социалдык адистери бул үй-бүлөгө тийиштүү жардам көрсөтүлүп жаткандыгын жана кышкыга отун берилгенин кабарлашты.

Гүлзат Төрөгелдиевага жардам берүүнү каалагандар 0779 09 37 23 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×