Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.10.2018 10:38 На русском

Караколдо башкаруусун жоготкон унаа дубалды сүзүп, айдоочусу каза болду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 3-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский жана Харьковский көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыктан 1 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, турак үйдүн дубалын сүзүп токтогон. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу – 1986-жылы туулган Ө.С. каза болду.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, айдоочунун денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, айдоочу унаа башкарып бара жатып уктап кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×