Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.10.2018 18:12 На русском

Түшүмө Манас ата менен Каныкей эне кирип бата берген, - 100 жаштагы Нарын апа (сүрөт, видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Нарын Медетова 100 жашта. Кылым жашаган апа жолдошу Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, ошол эле учурда бир туугандарынан да ажырап калганын айтат.

Нарын апа союз учурунда бригадир болуп эмгектенип, «Кызыл-Туу» орденине татыктуу болгон.

«Түшүмө Манас ата, Каныкей апа кирип, бата берген. Алардын батасы кабыл болуп, көп жашап жатам деп ойлойм», - деди ал.

Эл үчүн жанын үрөп иштеген Н.Медетова бүгүнкү күндө бактылуу карылыктын доорун сүрүп, сый-урматка ээ. Ал 4 баланы өстүрүп, 15 небере жана 25 чөбөрөлүү болду. Улуу баласы Каныбек Бакиев учурда 70 жашта. Ал эми келини Майрамкан Алымкулованын келин болуп келгенине 46 жыл болду. Келини эмес кызындай болуп калган Майрамкан эже 65 жашка чыкканы менен кайын энесинин жанында өзүн жаш келиндей сезерин айтат.

Нарын апанын батасын алгандар көп. Сөздөрдү жамактап сүйлөп, ар дайым жаштарды ыймандуу болууга үндөйт. Кылым жашаган апага жергиликтүү бийлик тарабынан жыл сайын Карылар күнүндө колдоо көрсөтүлүп келет. Бул ирет да кадырлуу карыядан кабар алышып, майрамы менен куттукташты. Нарын апа өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усеновага «100 жашка чык» деп бата берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×