Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.10.2018 15:18

Балыкчыдагы карыларга акчалай сыйлык берилди (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаардык маданият үйүндө 1-октябрь — Карылар күнүнө карата майрамдык кече уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара концерттик программа менен уланып, мектеп окуучулары ырдап, «Жаш толкун» бий ансамбли өнөрүн тартуулап, «Көл ыргагы» комузчулар тобу «Маш ботой» күүсүн чертип беришти. Ага улай Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри А.Табалдиев жана шаардык кеңештин депутаты С.Аманкулов сөз сүйлөп, калоо-тилек айтышты.

Андан кийин 90 жаштан 100 жашка чейинки 26 адамга, 50 жана андан ашык жыл чогуу жашаган 67 жубайга 1000 сомдон сыйлык берилди. Мындан тышкары социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери 80 жаштан 90 жашка чейинки 310 карыяга 500 сомдон таратты.

Балыкчы шаарындагы эң улуу жашоочу Зайра Желдеңова ден соолугуна байланыштуу майрамдык иш-чарага келе албай калгандыктан шаар башчылары апанын үйүнө барып, 5000 сом акчалай белек беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×