Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 02.10.2018 14:34 На русском

Премьер-министр Чолпон-Ата шаарынын мэри А.Саралаевди кызматынан бошотту

Turmush -  Карыбек (Акылбек) Аланбаевич Саралаев Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары 25-сентябрда өткөн отурумда шаар мэри А.Саралаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөнү маалымдалган. Отурумга катышкан 18 депутаттын ичинен 16 эл өкүлү А.Саралаевге ишенбөөчүлүк көрсөткөн, 2 депутат каршы болгон.

А.Саралаев Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп 2017-жылдын 16-февралында шайланган.

Шайлоодо Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, КСДП партиясынан сунушталган А.Саралаевдин талапкерлигине 21 депутаттын ичинен 17 эл өкүлү добуш берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×