Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.10.2018 13:50

Жети-Өгүздүн эң улуу тургуну — 116 жаштагы Урумкан Байгашкаева сыйланды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 116 жаштагы тургуну Урумкан Байгашкаевага 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Урумкан Байгашкаева согуш учурунда оорукта эмгектенип, көп жыл сугатчы болуп иштеген. Абышкасы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, кийин оорудан улам каза болгон.

Жолдошунан ажыраган Урумкан апа 7 баласын жалгыз багып өстүргөн. Учурда балдарынын улуусу 80 жашта болсо, кичүүсү 60 жашта. Анын 32 небере, 92 чөбөрөсү бар.

Эл аралык карылар күнүнө карата өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Э.Усенова жана район акими Урумкан апаны куттукташып, белектерин тапшырышты. Ошондой эле Барскоон айыл аймагы тарабынан да белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×