Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 02.10.2018 13:42 На русском

Чолпон-Атада дайынсыз жоголгон 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында дайынсыз жоголгон 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын 1968-жылы туулган тургуну Ж.С. (аял киши) 2009-жылы туулган уулу С.Ж. кечээ, 1-октябрда саат 16:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Окуя болгон жерге милициянын ыкчам тобу жөнөтүлүп, бала жоголгон күнү короодо ойноп жатып дарбаза ачык турганын көрүп, көчөгө чыгып, белгисиз жакка кеткенин аныкталган.

Ошондой эле жоголгон баланын эжеси — 2001-жылы туулган К.А. ошол эле убакта Чолпон-Ата шаарынын борборуна кетип, дарбазаны жабууну унутуп калганы такталган. Ал үйүнө келгенде апасы иниси кайда экенин сураган. К.А. инисин акыркы жолу короодо ойноп жатканда көргөнүн айткан.

Дайынсыз жоголгон бала 3 жашынан бери Бишкектеги республикалык ооруканада биринчи топтогу майып катары каттоодо турган (болжолдуу маалыматтар боюнча аутизм оорусу менен жабыркаган). Ал бала бакчага жана мектепке барган эмес.

Издөө иштеринин жыйынтыгында баланын денеси пансионаттардын бирине барчу жолдун четинен табылды. Милиция кызматкерлери денеге сыртынан кароо жүргүзүп, ал муунтулганын (мүшөк менен муунтулган болушу мүмкүн) аныкташты.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×