Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.10.2018 12:12

Ак-Суунун 101 жаштагы тургуну Т.Ходжанова узак жашоонун сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну Тахира Ходжанова балдарынын жана айылдаштарынын сыймыгы. Кылым карыткан Т.Ходжанова 1917-жылы фермердин үй-бүлөсүндө туулган.

Тахира апанын айтымында, ал Ал Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, өзүнөн 20 жаш улуу жергиликтүү тургунга турмушка чыккан. Жаш курактагы чоң айырма алардын бактылуу жашоосуна тоскоол болгон эмес. Учурда анын 8 баласы, 44 небереси, 90 чөбөрөсү жана 5 кыбырасы бар. Ал узак жашоосунун сыры дайыма кыймылда болууда экенин айтат.

«101 жашка чыкса дагы ал өз алдынча басат, көчөгө чыгат, чөбөрөлөрүн каралашат, өзүнүн жаштыгы жана үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу айтып берет. Ал азыркыга чейин студенттик жылдарын жакшы билет.

Апабыз кесиби боюнча мугалим бирок өз кесиби менен иштеген жок, жашоосун колхозго арнады. Жолдошу менен бирге 8 баласын бутуна тургузду, бардыгына жогорку билим беришти. Анын эң кичүү уулу 57 жашта. Азыр ал небереси менен жашайт», - дейт келини Сахида.

Анын айтымында, Тахира апа дайыма туура тамактанат.

«Кечинде бизге окшоп, тамак жегенди жакшы көрбөйт. Жеңил тамактарды жактырат. Куурулган тамактарды жебегенге аракет кылат. Бизде көпчүлүк адамдар ар кандай тойлорго барып, түнкү саат 12де үйлөрүнө келип чай ичишет. Бирок апабыз түнкүсүн тамак, чай ичпейт. Бизге дагы ошондой кеңеш берет. Өзүнүн тамактануусун көзөмөлдөп турат. Таза абада сейилдейт. Быйыл гана көзү начар көрүп, бир кулагы начар угуп калды. Бирок акыл-эси тунук. Ал дайыма бизди колдоп турат, анын бары бизге чоң кубаныч», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×