Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.10.2018 21:00 На русском

Айыл турмушу: Балыкчы шаардык сотунда орун жоктугунан крандын айдоочусу болгон Зайырбек Кыдыршаев 41 жылдан бери рулда (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы «Ысык-Көл» кемечилигинин башкармалыгына чарчаганды билбеген, айлык маянанын аздыгына, ысык-суукка карабай эмгектенген Зайырбек Кыдыршаев мындан 41 жыл мурун крандын айдоочусу болуп жумушка орношкон. Ошондон бери үлгүлүү кызматкер болуп келген каарман менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Андан жөнөкөйлүк, эмгекчилдик жана патриоттук сезим даана байкалып турат.

Зайырбек Кыдыршаев Тогуз-Торо районунда төрөлгөн. Германияда аскердик кызматын өтөп келгенден кийин Тогуз-Торо райондук сотунда эмгектенип баштаган. Ошол кезде мурунку Фрунзе шаарындагы юридикалык окуу жайда билим алууга да, иштегенге да жетишчү.

Бара-бара канцелярия бөлүмүнүн башчысы болуп, андан кийин Балыкчы шаардык сотуна 1977-жылы атайын жолдомо менен жөнөтүлгөн. Бирок орун жок болгондуктан аталган кемечиликке убактылуу жумушчу болуп кирип, ошол жылдан бери крандын рулунда. Бул жерде эмгектенип жүрүп, 1988-жылы Чернобыль апаатына катышып келди. Анын кесепетинен 2-топтогу майып болуп кайткан. Ага карабастан жаштарга дем-күч берип, сүйүктүү ата, чоң ата болуп, бактылуу өмүр сүрүп келет.

Ал өзүнүн эмгек жолу тууралуу айтып берди.

- «Ысык-Көл» кемечилигинин башкармалыгында эмгек кылып жаткан мезгилдеги жагымдуу маанайлар тууралуу айтып берсеңиз?

- 1977-жылы бул жерде 500дөн ашык киши эмгектенчү. 6-7 теплоход, 12 баржа, 4 бригада күнү-түнү иштечүбүз. Бир бригадада 12-14 адам болчу. Кемечиликтин аймагы толугу менен жүк болуп, Каракол, Түп, Покровка, Тамга, Чолпон-Атада портторубуз жайгашкан. Болгон азык-түлүктү ошол жактарга кетирчүбүз. Бир кезметте 500 тоннага чейин, кийинчерээк көлөмүн көбөйтүп, 2000 тоннага чейин жүк ташыган күндөр болгон. Жумуштун көлөмүнүн көптүгүнөн солдаттарды, кантордогу кызматкерлерди жардамга алып келип иштеген учурлар да болчу.

- Кемечиликте сизди эмне өкүндүрөт?

- Чоң мекеменин сууда калып, жоголуп кетип баратканы. Чок-Тал айылында атайын биздин мекемеге тиешелүү жайкы лагерибиз бар болчу, аны сатып жиберишти. Кеме оңдоочу завод да сатылып кеткен. Баржалар, теплоходдор оңдолбой чөгүп жатат. Кеме оңдоочу жайга кайрылсаң асмандын башын сурашат экен.

- Бүгүнкү күндө сиздин маалыматыңыз боюнча кемечиликте эмнелер бар?

- Эч нерсе деле калган жок, техникалар металл, сынык болуп эле турат. Теплоходдордон экөө бар. Бирөө иштейт. Сан-Таш деген муз жаргыч бар эле, аны менен баржа сүйрөп калды. «Альбатрос», «Токтогул» деген жүргүнчүлөр үчүн кемелер, баржалар сатылып кетти. Бирөө оңдоодо турат. Эки кран калды.

- 41 жылдан бери эмгек кылып келе жатыптырсыз. Эмгегиңиз кантип бааланды?

- СССР кезинде бизге акчалай сыйлыктардан көп эле беришкен жана Ысык-Көл облустук администрациясынын ардак грамотасы, Балыкчы мэриясынын ардак грамотасы, кемечиликтин ардак грамоталары менен сыйлангам.

- Убагында күркүрөп иштеген «Ысык-Көл» кемечилиги мекемеси бүгүн эмне менен алектенет?

- 500 адамдан 30дай эле калдык. Айлык маяна болсо айдан-айга, жылдан-жылга берилбей калган учурлар болот. Үй-бүлөнү багыш керек деген жумушчулар маяна берилбей калганда эле кетип калышат, токтобойт. Акыры илгертеден иштеп келе жаткандар эле калдык. Убагында турмуш шартка керектелүүчүлөрдү ташысак, бүгүн көмүр менен иштеп калганбыз. Кээ бир портторубузду, маяктарыбызды менчиктеп алгандар да бар. Жетекчибиз Таалай Кыштообаевич соттошуп жүрүп көп жерлерди кайтарып алды.

- Жеке жашооңузга кемечилик кандай ийгиликтерди алып келди?

- Жаңы келгенимде ижара төлөгөн үйдө жашачу элек, кийин ал үйдү менчикке беришти. Ошол себептенби, айтор көңүлдөнүп иштеп калган окшойм (күлүп). Өмүрүмдүн көбүн кемечиликте өткөрдүм, кудайга шүгүр, жаман болгон жокмун. Чынында ушул жерден агарып-көгөрүп, жеке жашоомдо көптөгөн ийгиликтерге жеттим.

- Негизги кесибиңиз юрист экен. Кран айдоочу болуп иштегениңизге өкүнбөйсүзбү? Кайра ушунча жылды артка кайтарып койсо эмне кылат элеңиз?

- Эч өкүнбөйм, жашоом ушул кран менен өттү. Кайра кайтарган күндө деле ушул жакта эмгектенмекмин.

- Чернобыль апааты тууралуу айтып берсеңиз.

- 1988-жылы кемечиликте иштеп жүргөндө Балыкчыдан 68 бала Чернобылга кеткенбиз. Июль айы болгондуктан мөмө-жемиштер бышып турган кез. Бирок жедирбейт, суусун ичирбейт дегендей. Башка жактан ташылып келген азык-түлүктөрдү, сууну ичип жаттык. Ал жактан келгенден кийин катышуучулардын 80-90 пайызы 2-топтогу майып болуп калышты.

Чернобылга баргандан кийин кандайдыр убакыт өткөн сайын улам алысыраак шаарга ден соолугуңа жараша жылдырып турат экен. Эки шаардан кийин Днепр дарыясына бардык. Анда 15 теплоход 15 республиканын атынан атап коюлган экен. Ошол жакта жашадык. Ар кандай жумуштарда иштеп жаттык, эки айдан кийин кран айдоочулардын бригадасында иштедим.

- Жаштарга кандай кеңеш айтасыз?

- Жумуш бар, бир гана каалоо керек. Заманга шылтоолобой, жумуш оор, айлык аз дебей өзүбүз аракет кылып, эмгек кылышыбыз керек. Жаш кезден баштап өз кесибиңде берилүү менен, чыдамдуулук менен иштесең эле үзүрүн көрөсүң.

- Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?

- Буюрса жакшы. 33 жылдан бери тургуза албаган Чернобыль апаатындагы жабырлануучуларга арналган эстелигибизди тургуздук. Мэр А.Мамбетов шаардын өнүгүшүнө жакшы эмгек кылууда. Балыкчы шаарыбызда чоң өзгөрүүлөр, жылыштар болуп жатат.

- Маегиңизге рахмат! Сизге албан-албан ийгиликтерди, ден соолук каалап, келечек жаштарга үлгү болуу менен кемечиликтин өнүгүшүнө салымыңызды кошо берет деген тилектебиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×